Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:01

Польша-Беларус: Чек арадагы тосмону бузууга аракеттенгендер кармалды


Польшанын аскерлери Беларус менен чек араны тикенек тор менен тосуп жатат. 26-август, 2021-жыл.
Польшанын аскерлери Беларус менен чек араны тикенек тор менен тосуп жатат. 26-август, 2021-жыл.

Польша менен Беларустун чек арасында мыйзамсыз мигранттардын жолун бууган тосмону бузууга аракеттенген 13 активист кармалды. Өлкөнүн Чек ара кызматы 29-августтун кечинде кармалгандарын 12си Польшанын, ал эми бирөө Нидерланддын жараны экенин билдирди.

Соңку эки аптада Польша менен Литваны Беларус тараптан өтүп келген мигранттардын агымы каптады. Расмий жетекчилердин сөзүнө караганда, авторитардык лидер Алексей Лукашенко өз режимине каршы киргизилген Батыштын сакцияларына жооп катары ушул жолду колдонууда.

Минскинин дарегине Ирактан, Ооганстандан келген мигранттарды Европа Биримдигинин карамагына коё берип жатат доомат көп айтылууда.

Польша жакында эле Беларус менен чек арасын тикенек тор менен тосуп, эми 2,5 метр бийик дубал орнотууну пландап жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG