Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:31

Өзбекстандын президенти абактагы 215 кишиге ырайым кылды


Шавкат Мирзиёев.
Шавкат Мирзиёев.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жазасын өтөп жаткан 215 жаранга өлкө эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата ырайым берүү жөнүндө жарлыкка кол койду.

Ырайым алган үч киши жазадан толугу менен бошотулат, 127 киши мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө эркиндикке чыгат, 12 адамдын жазасы жумшартылып, 73үнүн жаза мөөнөтү кыскартылат.

Мунапыс берилгендердин арасында 14 аял, жашы 60тан жогору 12 киши, 69 чет өлкөлүк жаран бар.

Президенттин жарлыгына ылайык, ырайым алган кишилерди үй-бүлөсүнө жана жакындарына кайтаруу, социалдык жактан адаптация болууга көмөктөшүү, иш менен камсыз кылуу милдети тиешелүү министрлик жана мекемелерге жүктөлдү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG