Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:49

Президент Таласта Эгемендиктин 30 жылдыгына арналган салтанатка катышат


"Манас Ордо" улуттук этнографиялык комплексинин жалпы көрүнүшү. Талас облусу. (архивдик сүрөт).
"Манас Ордо" улуттук этнографиялык комплексинин жалпы көрүнүшү. Талас облусу. (архивдик сүрөт).

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-августта, Талас облусуна бир күндүк иш сапары менен барат. Бүгүн кечинде "Манас Ордо" улуттук комплексинде өтүүчү Эгемендиктин 30 жылдыгына арналган театрлаштырылган иш-чарага катышат.

"Урааным Манас!" деп аталган маданий иш-чара КТРК, республикалык жана облустук телеканалдарда, ошондой эле социалдык түйүндөрдөгү баракчаларда түз алып көрсөтүлөт.

Кыргызстандын Эгемендик майрамы 31-августта белгиленет. Көз карандысыздыктын 30 жылдыгына арналган чоң салтанат ал күнү Бишкек шаарында мамлекет башчынын катышуусунда өтөт. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG