Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:49

Коопсуздук кеңеши жергиликтүү бийликтеги коррупцияны аныктоого киришти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коопсуздук кеңешинин катчылыгы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы коррупцияны аныктоого киришти. Учурда катчылыктын эксперттик тобу Бишкек мэриясынын жер ресурстар башкармалыгынын, жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын, ошондой эле муниципалдык мүлк башкармалыгынын ишмердигин иликтеп жатат.

Жыйынтыгында аталган башкармалыктардын ишиндеги коррупцияны жоюу боюнча план иштелип, Бишкек шаардык мэриясына жөнөтүлөт.

Президенттин сайтында жарыяланган маалыматка ылайык, ушундай эле текшерүүлөр сентябрь айында Ош шаардык мэриясынын тиешелүү бөлүмдөрүндө жүргүзүлөт.

Кыргызстанда коррупцияга байланыштуу айып менен ондон ашык адам кармалган. Арасында мурунку өкмөт башчы, депутат жана башка аткаминерлер бар. Айрымдары мамлекетке келтирген делген зыянды төлөп, үй камагына чыгышса, кээ бирлери Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) тергөө абагында.

Атайын кызмат жыл башынан бери коррупцияга каршы күрөштүн алкагында 6 миллиард сомдой каражат өндүргөнүн кабарлаган. Аны мыйзамсыз баюуга жана жемкорлукка айыпталган ондогон аткаминерлер төлөп бергени айтылган. Коомчулукта коррупцияга байланыштуу кармалгандардвн айыппул менен бошоп кетип жатканын сындагандар да бар.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG