Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:55

Казакстан Жамбылдагы жарылуудан курман болгондорго аза күтүп жатат


Жарылуу болгон аймактагы аскердик автоунаа жана "Тез жардам" машинеси. Тараз-Алматы жолу. Жамбыл облусу, Байзак району. Август, 2021-жыл.
Жарылуу болгон аймактагы аскердик автоунаа жана "Тез жардам" машинеси. Тараз-Алматы жолу. Жамбыл облусу, Байзак району. Август, 2021-жыл.

Жамбыл облусунун Байзак районундагы курал-жарак кампасында болгон жарылуудан 13 адам көз жумуп, жүзгө чукулу ар кандай жаракат алган. Президент Касым-Жомарт Токаевдин буйругу менен 29-август жалпы өлкөдө аза күтүү күнү деп жарыяланган. Бүгүн Нур-Султан баштаган бардык шаарларда мамлекеттик желектер түшүрүлүп, оюн-зооктор токтотулду.

Казакстан эгемендик алгандан бери онунчу ирет аза күтүүдө.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Казакстандын Бишкектеги элчилигинде казак боордоштордун кайгысын тең бөлүшөрүн билдирип, көңүл айтты.

"Бул каргашада курман болгондордун үй-бүлөлөрү менен жакындарынын кайгысын тең бөлүшүп, жапа чеккендердин баарына тезирээк сакайып кетүүнү каалайбыз", - деп тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев "Фейсбуктагы" баракчасына жазды.

Жамбылдагы каргашалуу окуяга байланыштуу президент Садыр Жапаров да Казакстанга көңүл айткан. 26-августта болгон жарылуунун себеби азырынча белгисиз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG