Коронавируска каршы ыкчам штабдын 29-августка карата берген маалыматына ылайык, 213 адам вируска чалдыкканы лабораториялык жактан тастыкталды. 5 адам илдеттен көз жумду.
Бишкек - 94;
Ош шаары - 6;
Чүй облусу – 27;
Ош облусу – 4;
Талас облусу - 14;
Нарын облусу - 5;
Ысык-Көл облусу – 45;
Жалал-Абад облусу – 6;
Баткен облусунда 12 кишиден вирус табылды.
Былтыр март айынан бери коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 175 437. Булардын 169 117си сакайып кетти. Илдет 2518 адамдын өмүрүн алды. (ZKo)
Дагы караңыз
Facebook шеринеси