Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:18

Ошто жол кырсыгынан үч киши каза тапты


Жол кырсыгынын видеосунан алынган сүрөт.
Жол кырсыгынын видеосунан алынган сүрөт.

Ош шаарында 28-август күнү Ички иштер министрлигинин автобусу менен кагышкан машинедеги үч киши каза болду. Окуя Ош-Ноокат жолунун Жапалак айылынын чыга беришиндеги бөлүгүндө болгон. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматында жогорку ылдамдыкта келе жаткан "Матиз" үлгүсүндөгү машине милицияга таандык токтоп турган автобусту сүзгөн.

"Жол четинде батыштан чыгыш тарапты карап токтоп турган ИИМге караштуу атайын автобусун "Матиз" үлгүсүндөгү автоунаа карама-каршы тилкеге чыгып, жогорку ылдамдыкта келип сүзгөн. Натыйжада "Матизде" бараткан үч жаран каза болгон", — деп жазылган басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Учурда окуя болгон жерде Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын ыкчам-тергөө тобу иштеп жатат.

Кыргызстанда 15-августтан бери жол кырсыктарынан кеминде 20дан ашык киши өмүр менен кош айтышты.

Статистика боюнча жалпысынан быйыл жети айда 3982 жол кырсыгы катталып, 390дон ашык адамдын өмүрүн алды. Алардын 44ү балдар. 2020-жылы өлкө боюнча 6126 жол кырсыгы катталып, 754 адам каза болгон. (DU)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG