Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:31

Орусияда аскер учагы кулап, учкучтар аман калды


Орусия. Авиакырсыктын бир көрүнүшү.
Орусия. Авиакырсыктын бир көрүнүшү.

Перм облусунун Верещагин районунун үстүнөн маневрларды аткарып жатып, Су-24 бомбалоочу учагы кыйроого учурады.

Бул тууралуу "Интерфакс" агенттиги ишенимдүү булагына шилтеме берип, жазды.

Учкучтар учак күйүп, кулай баштаганда парашют менен секирип кетүүгө үлгүргөн.

Учактын кыйроого учурашынын башкы себеби техникалык жабдуулардын биринин иштен чыгышы болгон.

Буга чейин аскердик учак абада кезектеги машыгуу-көнүгүүлөрүн аткарып жатканда кырсыкка учураганы айтылган. Орусиянын Коргоо министрлиги учак ремонтко баратканын билдирди.

Учкучтар жакын арадагы жергиликтүү ооруканалардын бирине жеткирилген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG