Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:12

"Раззаков-Арка" электр линиясы жана "Раззаков" көмөкчү чордону ишке кирди


Президент Садыр Жапаров катышкан “Раззаков” жаңы көмөкчү чордонун ишке киргизүү иш-чарасы. 27-август, 2021-жыл
Президент Садыр Жапаров катышкан “Раззаков” жаңы көмөкчү чордонун ишке киргизүү иш-чарасы. 27-август, 2021-жыл

Баткен облусунда узундугу 51 чакырымды түзгөн “Раззаков-Арка” электр кубатын берүү линиясы жана “Раззаков” көмөкчү чордону ишке киргизилди. Ошондой эле “Арка” подстанциясын реконструкциялоо иштери да аяктады. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалымат кызматы кабарлады.

“Раззаков” жаңы көмөкчү чордонун ишке киргизүү иш-чарасына Баткен облусунда жумушчу сапары менен жүргөн президент Садыр Жапаров катышып, кошуна мамлекеттерден энергетикалык жактан көз карандысыз болууга мүмкүндүк берген бул ири долбоорлорду ишке ашырууга Ислам өнүктүрүү банкы колдоо көргөзгөнүн айтты.

“Баткен облусу коңшу мамлекеттердин энергетикалык системасы аркылуу электр энергиясы менен камсыздалып келгендиги белгилүү. Мындан улам, тилекке каршы, элдин жашоосунда кыйынчылыктар жаралып келген эле. Эми ал кыйынчылыктардын баары артта калды. Облустун энергетикалык көз карандысыздыгын камсыздоо Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн бекемделишине да чоң салым болду”, - деди Жапаров.

Президенттин маалымат кызматынын билдиргенине караганда, энергетикалык жаңы инфраструктуранын ишке киргизилиши Лейлек районундагы Арка массивин электр энергиясы менен камсыздоону жакшыртат.

Садыр Жапаров Баткен облусуна 27-августта жумушчу сапар менен барган. Ал Лейлек районунун Максат айылында чек ара жаңжалынан кийин курулган үйлөрдү жана социалдык объекттерди көрдү. Ошондой эле жаңы салынган үйлөрүнө кирип жашап баштаган жашоочулар менен жолугушту.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG