Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:14

Жалал-Абадда майыптыгы бар жарандар гүл өстүрө баштады


Жалал-Абаддагы күнөскана
Жалал-Абаддагы күнөскана

Жалал-Абад шаарында майыптыгы барлардын "Даанакер" коому өткөн жылы Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан жарыяланган сынакка долбоор жазып, утуп алып күнөсканада гүлдүн түрлөрү өстүрүлө баштаган.

Долбоор алкагында майыптыгы бар 25 жаранга шаар бийлиги бөлүп берген жердеги күнөсканада гүл өстүрүүнүн сырлары үйрөтүлүп, жумуш менен камсыз болушат. Күнөсканада өстүрүлгөн гүлдөрдү сатуудан түшкөн каражат аярлуу катмардагы жарандардын материалдык абалын чыңдоого, жумуш орундарын кеңейтүүгө сарпталат.

Жалал-Абад облус боюнча 40 миңден ашуун майыптыгы бар жарандар бар. Алардын дээрлик 90% жумушсуз. (JsA/TB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG