Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:25

Москва полициясы: жердештерине карата кылмыш жасаган кыргызстандыктар көп


Москва. Иллюстрациялык сүрөт.
Москва. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын борбору Москвада полицияга түшкөн кыргызстандыктардын саны соңку эки жылдан бери көбөйүүдө, өз жердештерине карата жасалган кылмыштар өзгөчө көп. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат менен жолугушууда Москва полициясынын жетекчисинин орун басары Александр Половинка маалымдаганын Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 26-августта билдирди.

Жолугушууда 2019-жылдан бери кыргызстандыктар жасаган кылмыштар жана тартип бузуулар көп катталып жатканы, быйылкы жылдын жети айында 916 факт аныкталганы, алардын көбү адамга каршы жасалган кылмыш экени айтылды.

Элчи жана полиция жетекчилиги кылмыштарды алдын алуу боюнча биргелешкен иш-чараларды талкуулашты.

Москвада июль айында болгон кыргыз жана тажик жарандарынын калайман мушташынан кийин мигранттарды текшерүү жана депортация күчөгөнү Жогорку Кеңеште айтылган. Мекендештерге жардам берүү маселеси көтөрүлгөн.

Орусияда калайман мушташ уюштурду деген 100дөн ашуун эмгек мигрантын жакынкы арада мекенине депортациялоо жана 40 жылга бул өлкөгө кирүү укугунан ажыратуу пландалып жатканын «Известия» басылмасы 11-августта жазган.

Кыргызстандын миллиондон ашуун жараны чет мамлекеттерде жүрөрү бейрасмий айтылып келет, алардын көбү Орусияда. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG