Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:54

БУУ: Ооганстанда ачарчылык болушу күтүлөт


АКШнын аскери Кабул аэропортунда адашып калган баланы ата-энесине алып баратат. 24-август, 2021-жыл.
АКШнын аскери Кабул аэропортунда адашып калган баланы ата-энесине алып баратат. 24-август, 2021-жыл.

Ооганстанда талибдер бийликке келгенден кийинки кризистин кесепетинен калктын 14 миллионго чукулу ачарчылыкка учурашы ыктымал.

Бул тууралуу БУУнун Азык-түлүк программасынын директору Дэвид Бизли Reuters агенттигине билдирди.

Анын сөзүнө караганда, соңку бир нече жылдан берки кургакчылыктын, куралдуу чыр-чатактардын жана COVID-19 пандемиясынын айынан экономика алсырап, Ооганстанды катуу “бороон” күтүүдө.

Гуманитардык кыйроонун алдын алуу үчүн БУУга сентябрга карата кеминде 200 миллион доллар керектелет. Бул мезгилде өлкөдө жашоочулар үчүн тамак-аштын запасы түгөнүп, гуманитардык жардамга муктаж оогандыктардын саны эки эсе өсүшү мүмкүн экени боолголонуп жатат.

БУУ Ооганстанга керектүү жардамды АКШ, Катар жана башка Перс булуңундагы өлкөлөр республикалык бюджеттеринин эсебинен бөлүп берет деген үмүт артты.

Эксперттердин айтымында, азыр Ооганстанда жашаган калктын саны 36 миллион киши.

Былтыр ноябрда чет өлкөлөр Ооганстанга гуманитардык жардам катары 4 жыл ичинде 12 млрд доллар бөлүп берүүнү пландаган. Ошол эле кезде көптөгөн өлкөлөр мындай колдоо Ооганстандагы адам укугун сактоонун абалынан көз каранды экенин кабарлашкан.

БУУнун адам укугу боюнча комитети талибдер бийликке келгенден кийин абал кескин начарлап, аялдардын,кыздардын, диний жана этникалык азчылыктардын укуктары одоно бузулуп жатканын билдирген.

Талибдер карапайым калктын ичинен диний-этникалык топтордун өкүлдөрүн жана өкмөттүк күчтөрдүн аскерлерин өлүм жазасын колдонуп, жаш өспүрүмдөрдү күч менен жоочулардын катарына алган учурлар катталганы маалымдалган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG