Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:02

COVID-19га каршы штаб: Адамзат эң кооптуу инфекцияларды эмдөө аркылуу гана жеңип келе жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жугуштуу ооруларга, анын ичинде коронавируска каршы күрөшүүнүн натыйжалуу жолдорунун бири эмдөө экенин 25-августта кыргызстандыктарга Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб эскертти.

Штабда өткөн маалымат жыйынына Бишкек шаарынын Мамлекеттик санэпидкөзөмөл борборунун иммунопрофилактика бөлүмүнүн башчысы Бурул Асыкбекова катышып, 300 миллион адамдын өмүрүн алган, адамзат тарыхындагы эң коркунучтуу деп таанылган чечек оорусун дарыгерлер эмдөө жолу менен жеңгенин айтты. Ал шал, кептөөр, кызылча оорулары да эмдөөнүн айынан ооздукталып турганын кошумчалады:

“Кыргызстанда колдонулуучу вакциналар Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун талаптарына жана сунуштарына, GMP (Good Manufacturing Practices) эл аралык стандарттарына жооп берет, ошондой эле Дүйнөлүк саламаттык уюмунун (ДСУ) алдын ала квалификациялоо процедурасынан өткөн. Азыркы коронавируска каршы вакциналар ДСУнун өзгөчө кырдаалда колдонулуучу вакциналар тизмесине киргизилген. Алардын коопсуздугуна, эффективдүүлүгүнө жана натыйжалуулугуна мамлекеттик көзөмөлдү Саламаттык сактоо министрлигинин Дары менен камсыздоо жана медициналык жабдуулар департаменти жүргүзөт”.

Асыкбекова кошумчалагандай, Кыргызстанда профилактикалык эмдөө Улуттук эмдөө календарга ылайык 13 инфекцияга каршы жүргүзүлөт.

Кыргызстанда коронавирус жуккандардын расмий саны 174 миңден ашты, алардын 2,5 миңи каза болду.

Учурда республиканын бардык аймактарында “Спутник V”, Sinopharm жана AstraZeneca вакциналарын бекер алууга шарт бар. Вакцинанын эки дозасын алгандарга атайын сертификат тапшырылат. Эмделгендер 1 миллиондон ашты. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG