Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:43

Эгемендиктин 30 жылдыгына арналган көк бөрү оюну өтүп жатат


Көк бөрү оюну, иллюстрациялык сүрөт.
Көк бөрү оюну, иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы атмайданда Кыргызстандын эгемендигинин 30 жылдыгына арналган президенттин Кубогу үчүн эл аралык мелдеш өтүп жатат.

Көк бөрү федерациясынын маалыматына караганда, 23-августта биринчи лиганын оюндары башталган. Ага Кыргызстандын аймактарынан 17 команда катышып жатат. 26-августта жогорку жана эл аралык лиганын оюндары башталат.

Мелдеш көк бөрүнү жайылтуу, өнүктүрүү, спорттун улуттук түрлөрүн өркүндөтүү, эл аралык аренада достук мамилелерди бекемдөө максатында уюштурулган.

24-августта «Улок-купкари» федерациясынын башкы катчысы Равшан Адхамовдун жетекчилиги алдында Өзбекстандын командасы Кыргызстанга келгени белгилүү болду. Эл аралык лигада Өзбекстандын командасынан сырткары Орусиядан "Воронеж-Чолпонбай" жана Москва шаарынын, Кыргызстандын биринчи лигасында ойногон "Жети-Өгүз", "Бакубат-Талас", "Сокулук" командалары катышат.

Акыркы үч команда Нооруз-2021 мелдешинде лидер болгондуктан эл аралык лигада ойноого тандалып алынган. Москва жана Воронеж шаарынын оюнчулары Кыргызстанга беш күн мурда келишкенин федерация белгиледи.

Буга чейин АКШ, Ооганстан, Тажикстан жана Орусиянын Башкортостан, Алтай республикасынан, Чита шаарынан командалар мелдешке катышуу ниетин билдиргени кабарланган. Бирок аталган мамлекеттердеги эпидомологиялык шарттарга байланыштуу мелдешке катыша албай калышкан.

Эл аралык лиганын командалары эки тайпада күч сынашат. Биринчи тайпада чет өлкөлүк командалар, экинчи тайпада Кыргызстандан чыккан командалар болот. Жогорку лигада "Достук", "Ынтымак", "Сары-Өзөн", "Жаш-Күч", "Кара-Буура", "Ала-Тоо" командалары беттешет. 26-августта башталган жогорку жана эл аралык лиганын финалдык беттештери 31-августта болот. (ECh, JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG