Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:23

26-августтун аба ырайы: Кээ бир жерлерде жаан жаайт


Кегети.
Кегети.

26-августта түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир жерлеринде, Чүй, Ош облустарынын тоолорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Чүй, Ош облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас, Баткен, Жалал-Абад облустарында жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 15...20, күндүз 30…35;

Талас жергесинде түнкүсүн 11...16, күндүз 27…32;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 15…20, күндүз 31…36;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 23…28;

Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 21…26;

Бийик тоолордо түнкүсүн -3…+2, күндүз 9…14;

Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 18…20, күндүз 33…35 градус болот.

Чолпон-Ата шаарында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 12…14, күндүз 23…25 градуска чейин жогорулайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG