Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:50

"Талибан" 31-августтан кийин эвакуация тыйыларын жарыялады


“Талибандын” өкүлү Забиулла Мужахид маалымат жыйынында. 24-август, 2021-жыл.  
“Талибандын” өкүлү Забиулла Мужахид маалымат жыйынында. 24-август, 2021-жыл.  

"Талибан" Ооганстандан чет элдиктерди эвакуациялоо мөөнөтүн 31-августтан ары жылдырууга уруксат бербей турганын билдирди.

Бул тууралуу “Талибандын” өкүлү Забиулла Мужахид маалымат жыйынында айтканын Sky News телеканалы кабарлады.

Мужахид буга чейин жетишилген макулдашууга таянып, 31-август - чет элдик аскерлерди чыгаруунун эң акыркы мөөнөтү экенин кабарлады. Анын айтымында, Кабул аэропротундагы чет элдик адамдар ушул мөөнөттөн калбай чыгып кетиши керек. Ал 1-сентябрдан тарта чет элдиктерди эвакуациялоо ишине башкача тартип киргизилерин белгилеп, бирок кандай чара экенин тактаган эмес.

Талибдер көпчүлүк оогандыктарды өлкөдөн чыгарууну колдобостугун айтып, сыртка чыгып кетүүнү көздөп Кабул аэропортун курчап тургандарды үйүнө таркоого үндөдү. “Талибан” мекендештеринин коопсуздугуна кепилдик берерин жана эч ким куугунтукка алынбастыгын айтты.

Забиулла Мужахид Ооганстанда жашоо өз нугуна түшүп баратканын, аэропорттогу дүрбөлөң гана мамлекет үчүн көйгөй жаратып жатканын кошумчалады. Вашингтонду жарандардын Ооганстандан чыгуусун колдобоого чакырды. Айрыкча ал “билимдүү элита” менен өлкө азыр абдан муктаж болуп турган кесиптин ээлери өлкөдөн кетпеши керек экенин белгиледи.

Талибдер 15-августта Кабулду каратып алган, ошондон соң андагы чет элдик дипломатиялык миссиялар менен эл аралык уюмдар кызматкерлерин Ооганстандан чыгара баштаган. Өлкөдөн чыгып кетүүнү көздөгөн ооган жарандары да көп.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG