Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:39

Пашинян: Былтыр Карабак согушунда 3773 армян аскери окко учту  


Армениянын премьер-министри Никол Пашинян.
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян.

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян былтыр күздө Тоолуу Карабактагы Азербайжан менен болгон согушта өлкө 3 773 аскерин жоготуп, дагы 243 жоокер дайынсыз экенин билдирди. Ал бул тууралуу парламентке өкмөттүн жаңы курамын көрсөтүү учурунда айтты.

Буга чейин Армения менен Азербайжан ок атпоо режимин бузганы үчүн бирин-бири айыптаган.

Азербайжандын Коргоо министрлиги анын Келбажар районунун Зейлик айылындагы аскердик позициялары армян тараптан аткыланганын билдирген. Ал эми Армения болсо Азербайжан тараптан чагымчыл аткылоолор болгонун кабарлаган. Аскердик жоготуулар же жарадар болгондор тууралуу маалымат жок.

Быйыл 28-июлга караган түнү дагы чек арада атышуу болгон. Салгылаш Армениянын Гегаркуник району менен Азербайжандын Келбажар району чектешкен чек ара тилкесинде башталган. Анын кесепетинен үч армян аскери өлүп, дагы экөө жарадар болгон. Баку эки азери аскери жаракат алганын билдирген.

Былтыр күздө кырдаал курчуп, согуштун жыйынтыгында Азербайжан Тоолуу Карабактагы көпчүлүк райондорду өзүнө кайтарып алган. Аны Армения колдогон Тоолуу Карабактагы армян жикчилдери 1990-жылдары башталган согушта басып алган болчу.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG