Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:13

Улуттук Борбор: Өзгөндө өспүрүм 25 күндөн бери убактылуу кармоочу жайда жатат


Кыйнооолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор тараткан сүрөт.
Кыйнооолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор тараткан сүрөт.

Кыйнооолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун Ош облусундагы өкүлчүлүгү Өзгөн районунун ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайында 25 күндөн бери өспүрүм кармалып турганын, бул мыйзамга каршы экенин билдирди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымат таратты.

Кыйнооолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор мыйзамга ылайык, жашы жете электерди камакта кармоо 10 күндөн ашпоого тийиш экенин эскертет. Маалыматка ылайык, улуттук борбор Өзгөн районунун ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына 20-августта барышкан. Текшерүү учурунда мыйзам бузуулар аныкталган.

“Изолятордогу камерада төрт адам отурат. Мыйзам боюнча, ар бир адамга таандык санитардык аянттын өлчөмү 3,25 чарчы метр болушу керек, бирок иш жүзүндө бир адамга 2,30 чарчы метр гана бөлүнгөн”, - деп айтылат маалыматта.

Улуттук борбор убактылуу кармоочу жай санитардык талаптарга жооп бербейт деп билдирди. Андагы мыйзам бузуу фактылары боюнча акт түзүлүп, тиешелүү органдарга жөнөтүлдү. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG