Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:40

Казакстандагы аскердик машыгууга президент Токаев катышты


Касым-Жомарт Токаев.
Касым-Жомарт Токаев.

Казакстандын Алматы облусунун аймагында Ички иштер министрлигинин Улуттук гвардиясынын «Кайсар-2021» деген аталыштагы ыкчам-тактикалык жүрүштөрүн сынаган аскердик машыгууга президент Касым-Жомарт Токаев байкоо салды.

Казакстандын жогорку башкы кол башчысы, президент Токаев ички аскерлердин кризистик кырдаалдарды жөнгө салуу жөндөмүнө баа берди.

“Эл аралык абал курчуп турган маалда биздин күч түзүмдөрүбүз ыкчам мобилизациялоого даяр турганы оң. Биз коомчулукта Ооганстандагы кырдаалга тынчсызданган жагдайды байкап турабыз. Бул өлкөдө болуп жаткан окуялар Казакстанга түздөн-түз коркунуч жаратпайт. Бирок албетте, кандайдыр бир тобокелдиктер бар. Ошондуктан биз кандай гана чакырык болбосун ыкчам жооп кайтарууга даяр болуу үчүн кырдаалдын өзгөрүшүн кылдат байкап турушубуз зарыл”, – деди президент Токаев.

Президент Токаев аскер кызматчыларына социалдык камсыздоону көбөйтүүгө убада берди. Ал ички аскерлердин прапорщиктери менен офицерлеринин маянасы үч жылда 30% көтөрүлө турганын айтты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG