Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:21

Өзбекстанда дагы 400 ооганга утурумдук башпаанек берилди


Өзбекстан. Термездеги убактылуу качкындар лагери.
Өзбекстан. Термездеги убактылуу качкындар лагери.

Өзбекстандын өкмөтү Ооганстандан качып өтүп келген дагы 400 оогандык жаранга убактылуу башпаанек бергени кабарланды. Алар буга чейин учактар жана тик учактар менен келген 650 ооган жараны турган Термездеги качкындар лагерине жайгаштырылды.

“Качкындардын бул жаңы бөлүгү кечээ кечке жуук Термезге учак менен жеткирилген болушу мүмкүн. Алардан коронавирус боюнча ПЧР-тесттер алынып, арасынан илдеттин белгилери аныкталгандар чыкты. Ошондуктан алар андагы ковид борборуна жаткырылды”, – деп билдирди жергиликтүү дарыгерлер бөлүмүндөгү маалымат булагы.

Өзбекстандын өкмөтү Ооганстандан качып келип, Термез шаарындагы качкындар лагерине жайгаштырылып жаткандар боюнча расмий түрдө комментарий бере элек.

Тышкы иштер министрлиги Ооганстанда талибдердин өч алуусунан коркуп, чек арадан качып өтүп келгендердин арасынан 150 оогандык өз ыктыяры менен кайра мекенине кайтканын билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG