Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:13

Аба ырайы: өткүн өтүшү мүмкүн


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын гидрометеорология агенттигинин маалыматына ылайык, түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз жана кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши ыктымал.

Абанын температурасы:

Чүй дубанында түнкүсүн 14…19, күндүз 29…34;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 10…15, күндүз 27…32;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 17…22, күндүз 31…36;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 21…26;

Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 21…26 градус жылуу болот.

23-августта Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши ыктымал. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 16…18°, күндүзгү жогорку температурасы 31…33 градус жылуу болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG