Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:34

Орусиянын жараны Жапонияга сүзүп барып башпаанек сурады


Кунашир аралы.
Кунашир аралы.

Орусиянын 40 жаштагы тургуну Түштүк Курилдеги Кунашир аралынан Жапонияга сүзүп барып, саясий башпаанек сурады.

Бул тууралуу "Радио Свобода" жазып чыкты. Аны Хоккайдо аралында жапон полициясы кармаган.

Орусиянын Жапониядагы дипломаттары окуянын чоо-жайын териштирип жатат.

"Интерфакс" агенттиги Түштүк-Курилдин бийлигинин маалыматына таянып, орусиялык бул адамдын туруктуу иштеген жери жок, жүк ташуучу болуп же трактор айдап жалданчу деген маалымат берди.

Жапонияда саясий башпаанек берүүнүн тартиби башка өнүккөн олкөлөргө салыштырмалуу катаал катары бааланып келет.

Жылына бул макамды алууну каалагандардын 1% гана берилет.

АКШ менен Европада башкалка сурагандардын 30-40% талабы аткарылат. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG