Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:42

Жол кырсыктары бир күндө беш кишинин өмүрүн алды


Кырсык болгон жер.
Кырсык болгон жер.

20-августта Бишкек-Нарын-Торугарт авто жолунун 50-чакырымында (Ивановка) айылында катталган жол кырсыгынан жабыркаган үч адамдын бирөө бүгүн каза болду.

Буга чейин бул окуядан үч киши көз жумганы кабарланган эле. Азыркы тапта эки адам алган жарааттардан улам ооруканада дарыланууда.

Mercedes-Benz үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу жолдун ортосундагы бетон тосмосун сүзгөн.

Бул тууралуу "Азаттыкка" Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Ушул эле күнү баш калаа Бишкекте да жол кырсыгы катталып, бир адам көз жумду.

2021-жылдын жети айында Кыргызстанда төрт миңге чукул жол кырсыгы катталып, 400дөй адам көз жумду.

Былтыркыга салыштырмалуу 2021-жылы жол кырсыгы 36% көбөйгөн, анын ичинен каза болгондор 21%, жаракат алгандар 38% түзөт. 5954 киши кырсыктан ар кандай жаракат алган.

Расмий маалыматка ылайык, 2020-жылы Кыргызстанда 6 миңден ашуун жол кырсыгы катталып, 760 киши мерт болгон. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG