Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:51

Өзбекстандан миллионго чукул орустар чыгып кеткен


Ташкендеги бала бакча. Өзбекстанда 32 жылда калктын саны эки эсеге чукул өстү.
Ташкендеги бала бакча. Өзбекстанда 32 жылда калктын саны эки эсеге чукул өстү.

Өзбекстандын Статистика боюнча мамлекеттик комитетинин маалыматы боюнча 32 жылдын ичинде же 1989-2021-жылдар аралыгында Өзбекстанда жашаган 1 миллионго чукул орус улутундагы жарандар чыгып кетишкен.

Алардын саны 2021-жылга карата 720,3 миңди түздү. Ал эми 1989-жылы Өзбекстандагы орустардын саны 1 млн. 653 миңден ашуун киши болчу.

Өзбекстандын жалпы калкынын саны 2021-жылга карата 34,6 миллионду түздү. (1989-жылы 19,81 млн. болчу.) Андагы эң ири этникалык топтор – өзбектер, тажиктер, казактар, каракалпактар, орустар жана кыргыздар.

Өзбекстанда жашаган этникалык тажиктердин саны 32 жылда эки эсе өскөн. 1989-жылы алар 933 миң 560 болсо, 2021-жылга карата 1,7 миллиондон ашты.

Ал жакта жашаган калктын санынын өсүшү боюнча кыргыздар экинчи орунда турат. 1989-жылы Өзбекстандагы кыргыздар 174,9 миң болсо, 2021-жылга карата алардын саны 291,6 миңге өстү.

Ал эми Өзбекстанда жашаган казактардын саны дээрлик өзгөрүүсүз, мурдагы бойдон калган. 1989-жылы казактар 821,2 миң болсо, быйылкы жылга карата эсеп боюнча алар 808,2 миң болгон.

Өзбекстанда эл каттоо 2023-жылы өтөт. Ага чейин сыноо иретинде санактар өтөрү белгиленди. Бул Өзбекстан эгемендик алган жылдардан берки калктын санынын расмий эсебин жүргүзүп, алгачкы жолу ачык жарыялоо.

Бул коңшулаш өлкөдө соңку расмий эл каттоо 1989-жылы СССРдин курамында турганда жүргүзүлгөн.

Өзбекстандын Статистика боюнча мамлекеттик комитети сайтында эл каттоо өнөктүгүн ачык жана расмий жүргүзүүнүн себебин адам ресурсун эске алуунун негизинде “Өзбекстандын дүйнөлүк рыноктогу атаандаштыгын жогорулатуу” менен байланыштырган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG