Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:46

"Русофобдордун" Орусияга киришине тыюу салган мыйзам даярдалды


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Бийликчил “Бирдиктүү Орусия” партиясы “русофобдорго” бул өлкөнүн аймагына кирүүгө тыюу салган мыйзам долбоорун даярдады. Бул тууралуу Мамлекеттик думанын депутаты, “Бирдиктүү Орусиянын” мүчөсү Александр Хинштейн "Телеграмга" жазды. Мыйзам долбоордо улуттук, расалык, диний жана тил өзгөчөлүгү боюнча кастыкты козуткандар, согуштун ардагерлерин кемсинткен, Орусиянын аскердик даңкын, коргоочуларын даңазалаган эстеликтерди талкалагандар, Экинчи дүйнөлүк согуш учурундагы СССРдин чечимдери жөнүндө жалган маалымат тараткандар, нацисттик жана экстремисттик символдорду даярдап, жайылткандар Орусиянын аймагына киргизилбейт.

Александр Хинштейн бул документ постсоветтик чөлкөмдөгү русофобиялык маанайдагы окуяларга жооп экенин жазды.

Өткөн апталарда Орусиядагы саясатчылар "Борбор Азияда орус тилдүүлөр кысымга алынып жатат" деп маселе көтөрүшкөн. Буга Бишкектеги соода борборлорунун биринде орус тилинде жооп берди деп сатуучу кызга кол көтөргөн адамдын окуясы себеп болгон. Кийинчерээк Казакстанда мекемелер менен дүкөндөрдө иштегендердин казак тилин билишин текшерген топтун аракети талкууларды күчөткөн.

Орусиянын Ички иштер министрлиги бул окуяга катышкан кыргыз жана казак жарандарына өлкө аймагына узак мөөнөткө кирүүгө тыюу салган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG