Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:02

Британия, Франция жана Германия Ирандын өзөктүк программасына тынчсыздануу билдирди


Ирандын өзөктүк программасын кыскартуу боюнча Венадагы ири державалардын сүйлөшүүлөрү.
Ирандын өзөктүк программасын кыскартуу боюнча Венадагы ири державалардын сүйлөшүүлөрү.

Иран менен “өзөктүк келишимге” кол койгон Британия, Франция жана Германия Тегерандын уран байытууну тездеткенине тынчсыздануу билдирди. Бул тууралуу үч өлкөнүн Тышкы иштер министрлеринин биргелешкен билдирүүсүндө айтылат.

Буга чейин Бириккен Улуттар Уюмунун Атомдук коопсуздук боюнча агенттиги (МАГАТЭ) Иран Натанз шаарындагы ишканасында центрифугалардын экинчи каскадын колдонуп, тазалыгы 60% жеткен уранды байытып жатканын кабарлаган.

18-августта Иран бул маалыматты ырастап, АКШнын “өзөктүк келишимдин” шарттарын аткарбаганына жана санкцияларына жооп экенин жарыялаган.

2015-жылы Иран менен дүйнөнүн алты державасы - АКШ, Британия, Франция, Орусия, Кытай жана Германия кол койгон келишимге ылайык, Иран өзөктүк программасын чектеши керек эле. Бул үчүн эл аралык санкциялар алынган. Бирок АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамптын администрациясы 2018-жылы бул келишимден чыгып кеткен. Тегеран буга жооп кылып, келишимдин айрым шарттарын аткаруудан баш тарткан.

Быйыл жыл башында Жо Байден АКШнын президенттик кызматына киришкенден тарта келишимди жандантуу боюнча сүйлөшүүлөр башталган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG