Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:34

Орусия: Жогорку сот Грудининдин арызын канааттандырган жок


Павел Грудинин
Павел Грудинин

Орусиянын Жогорку соту Мамлекеттик Думага ат салышууну көздөгөн саясатчы Павел Грудининди талапкер катары каттоодон баш тарткан Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин мыйзамдуу деп тапты. 24-июлда БШК Грудининдин чет өлкөлүк активдерге ээлик кылары тууралуу прокуратуранын маалыматына таянып, талапкерлер тизмесинен чыгарылганын жарыялаган.

61 жаштагы ишкер 2018-жылдагы президенттик шайлоого катышып, Владимир Путинден кийинки экинчи орунду ээлеген. Анда ал шайлоочулардын 12% жакынынын добушун алган.

Шайлоодон соң Грудининди мамлекеттик маалымат каражаттары бир тараптуу каралап, бизнеси тыкыр текшериле баштаган. Кийинчерээк Москванын четиндеги Видное шаардык кеңешинин депутаттык мандатынын ажыраган.

Москва облусундагы “Ленин атындагы совхоз” ишканасынын директору болгон Павел Грудинин чет өлкөдө мүлкү жок экенин айтууда. Коммунисттик партиянын өкүлдөрү бийликтин партиясы болгон “Бирдиктүү Орусиянын” рейтинги төмөндөп бараткандыктан сентябрдагы шайлоодо башка саясий күчтөр алдыга чыгып кетет деп чыгаан талапкерлер четтетилип жатканын билдирип келет.

Орусияда бир нече оппозициячыл саясатчылар парламенттик шайлоого катышуу укугун ажыраган. Алардын көпчүлүгү камактагы оппозионер Алексей Навальныйды колдогону үчүн ушундай чечим кабыл алынган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG