Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:32

Жапаров: ЕАЭБ өнүгүшү үчүн уюмдун жоболору бардык мүчөлөргө бирдей иштеши керек


Акылбек Жапаров кыргыз-орус ишкерлеринин 3-бизнес-форумунда. Ысык-Көл. 19-август, 2021-жыл.
Акылбек Жапаров кыргыз-орус ишкерлеринин 3-бизнес-форумунда. Ысык-Көл. 19-август, 2021-жыл.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Акылбек Жапаров Евразиялык эономикалык биримдик дүйнөлүк интеграциялык уюм болуп өнүгөрүнө көзү жетерин, бирок бул үчүн анын жоболору бардык мүчөлөргө бирдей иштеши керектигин айтты. Жапаров бул тууралуу 19-августта Ысык-Көлдө өткөн кыргыз-орус ишкерлеринин 3-бизнес-форумунда сүйлөп жатып билдирди.

"Уюмдун ичинде товарларды эркин жүгүртөбүз деп келиштикпи? Анда иш жүзүндө да ошондой болсун. Ошол жобону кармайлы. Чек арачыларды жана башка атайын кызматтарды бул тармакка тартуунун кереги жок. Биздин товардын ичинен баңгизат менен террорчулады издөөнүн кереги жок. Эгер бул жобо талаптагыдай иштесе, биздин өлкөлөрдүн товар алмашуусу бат эле 2-3 млрд. долларга жетет. Экономикада саясат болбошу керек".

Акылбек Жапаров сөзүндө Кыргызстан-Орусия өнүктүрүү фондунун ишине да көңүлү тойбогонун айтып кетти. Министр фонд түзүлгөн 6 жылдан бери болгону 300 миң доллар гана иштетилгенин белгилеп, фонддун азыркы жетекчилигинин жардамы менен жыл аягына чейин дагы 500 млн. доллардын баарын ишке киргизүүгө жетишүү мүмкүнчүлүгү бардыгын айтты. Акылбек Жапаров Орусия тараптан 0,75 пайыздык үстөк менен 40 жылдык мөөнөткө убада кылынган 500 млн. долларды да бөлүп берүүсүн сурады.

"Бизге болгону бир эле "иштеткиле" деген шарт коюлган. Биз ал шартты аткардык, мурда бөлүнгөн акчаны иштетип жатабыз. Эми Орусиянын каржы институттары сөзүнө туруп, келерки 500 млн долларды тоскоолдуксуз бөлүп берет деп ишенебиз".

Кыргыз-орус ишкерлеринин 3-бизнес-форуму бүгүн, 19-августта Ысык-Көлдө болуп өттү. Иш-чара ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын саммитинин алкагында болду.

Кыргызстан ЕАЭБге 2014-жылдан бери мүчө.

Кыргызстандан ташылып жаткан товарлардын ичинде контрабандалык жол менен Кытайдын товарлары ташылып жатканын жүйө кылган Казакстандын текшерүүнү күчөткөнү Бишкектин нааразылыгын жараткан. Кыргызстандан барган айыл чарба азыктары Орусияга түрдүү себептер менен киргизилбей, артка кайтарылган же чек арада жок кылынган учурлар да катталып келет. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG