Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:41

ШИИБ: Султанбековго кол салуу боюнча арыз түшкөн жок


Темирлан Султанбеков.
Темирлан Султанбеков.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Улан Жумаков "Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун сабалганына байланыштуу арыз түшпөгөнүн "Азаттыкка" кабарлады.

Буга чейин социалдык тармактын айрым колдонуучулары Султанбековго партиялаштарынын бири кол салганын жазышкан. Султанбеков өзүнүн "Фейсбук" баракчасына да бул маалыматты төгүндөп, эс алууда жүргөнүн жарыялады.

7-августта Бишкектин четиндеги “Ак-Өргө” конушунда активист Алга Кылычевдин бутуна ок тийип ооруканага жеткирилген. Бул кылмышка шектүү катары "Социал-демократтар" партиясынын мүчөсү, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Таалай Темиркулов камакка алынган. Жазык кодексинин “Ээнбаштык” беренеси менен сотко чейинки териштирүү башталган.

Кийин Кылычев тосмо арыз жазып, Темиркулов үй камагына чыккан.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарынан куралган "Социал-демократтар" партиясы быйыл Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышып, 45 мандаттын бешөөнү алды.

Темирлан Султанбеков - бул партиянын лидери. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG