Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:51

Казандагы кинофестивал Айтматов тууралуу даректүү тасма менен ачылат


Чыңгыз Айтматов.
Чыңгыз Айтматов.

Татарстандын борбору Казанда 5-10-сентябрда өтчү мусулман элдеринин 17-кинофестивалы орусиялык режиссёр Григорий Нахапетовдун “Чыңгыз Айтматов. Күндөр жана кылымдар” аттуу даректүү тасмасы менен ачылат.

Аталган кинофестивалдын интернет баракчасында бул иш-чара өз тарыхында биринчи жолу даректүү тасма менен ачылып жатканы кабарланды.

Фестивалга 45 өлкөдөн кино-тасмалар сунушталат.

Орусия, Франция, Испания, Кытай, Белгия, Жапония, Катар, Болгария, Алжир, Өзбекстан, Кыргызстан жана башка өлкөлөрдүн тасмалары көрсөтүлөт.

Бул фестивалга Кыргызстандан режиссер Айпери Усманованын «Кыз бала» жана Лунара Жээнбекованын «Эгиздер тогуздан кийин» аттуу кыска метраждуу тасмалары катышат. (MZh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG