Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:44

Жогорку соттун судьялыгына сынак жарыяланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Сотторду тандоо кеңеши Жогорку соттун үч судьясынын ордуна сынак жарыялады. Ага ылайык, сынакка катышуучулардын арыз жана башка документтерин он күн ичинде кабыл алынат.

Быйыл 5-майда кол коюлган Конституцияга шайкеш келтирүү үчүн президент Садыр Жапаров сот системасына беш жаңы мыйзам сунуштаган. Бул мыйзамдар сот бийлигинин көз карандысыздыгын камсыздоого багытталганы айтылган. Мыйзам долбоору июль айында Жогорку Кеңеште 1-окуудан өткөн.

Жаңы мыйзамга ылайык, Сотторду тандоо кеңеши Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш деп өзгөртүлөт, анын 12 мүчөсү болот. Төрагасы жана сегиз мүчөсү соттордон тандалат. Жогорку соттун төрагасынын ыйгарым укуктары кеңейтилип, жергиликтүү соттун төрагаларын дайындайт. Тартип комиссиясынын 9 мүчөсү тең соттордон куралат.

Буга чейин 9 мүчөнүн үчөө президенттин, үчөө Жогорку Кеңештин өкүлү болсо, үчөө соттордон тандалып келген.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG