Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:05

Уй эти кайра кымбаттоодо


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда уйдун эти кайрадан кымбатоодо. Бул тууралуу 17-августта Монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, эттин баасы жогорулаганы малды сыртка чыгарууга салынган тыюунун мөөнөтү аяктаганына байланыштуу болууда.

Март айында 430 сомдун тегерегинде сатылган уй этинин бир килограммынын баасы азыр 490дун тегерегинде болууда.

Ал эми койдун эти бир аз арзандаганы байкалууда.

Өкмөт сатыкка мал баккан фермерлерге 8-июлдан тартып экспортко кайрадан уруксат берген.

2020-жылдын күзүндө Кыргызстанда эт 550 сомго чейин кымбаттап кетип, өкмөт айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн, анын ичинде мал-жандыкты Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) бажы аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG