Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:09

Столтенберг талибдерге Ооганстанды террорчулуктун уюгуна айландырбоону эскертти


НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг. Брюссель. 17-август, 2021-жыл.
НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг. Брюссель. 17-август, 2021-жыл.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг ооган бийлигин басып алган талибдерге өлкөнү террорчулуктун уюгуна айландырбоону эскертти. Бул тууралуу ал Брюсселде 17-августта өткөргөн маалымат жыйында билдирди.

Столтенберг ошондой эле аскердик альянс өз күчтөрүн Ооганстандан чыгарып кеткени менен террордук уюмдардын ал жактагы аракеттерине көз салып, аралыктан сокку урганга даярдыкта болорун кошумчалады.

Ал талибдердин тез арада өлкөнү басып алганына таң калтырганын жашырбай, бул «трагедия» үчүн ооган лидерлерин күнөөлөдү.

Буга чейин АКШнын президенти Жо Байден америкалык аскерлерди чыгарып кетүү тууралуу өз чечимин коргоп билдирүү жасаган.

Ал АКШ Ооганстанга миллиарддаган доллар салганын, бирок ооган саясий элитасы бириге албаганын да белгиледи. Ошондой эле Вашингтон ооган элине жардам берүүнү, адам укуктарына көңүл бурууну уланта турганын айткан.

"Талибан" кыймылы Ооганстандын баш калаасы Кабулга 15-августта кирип, өлкөдөгү 20 жылга созулган жарандык согуш аягына чыкканын жарыялашты Мамлекет башчысы Ашраф Гани Ооганстандан чыгып кеткен. Азыр анын кайда экени белгисиз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG