Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:12

Байден АКШ күчтөрүн Ооганстандан чыгаруу чечимин коргоду


АКШнын президенти Жо Байден, Вашингтон, 16-август 2021-жыл.
АКШнын президенти Жо Байден, Вашингтон, 16-август 2021-жыл.

АКШнын президенти Жо Байден талибдер Кабулду ээлегенден бери биринчи жолу Ооганстандагы кырдаал боюнча кайрылуу жасады. Ал 16-августтагы бул кайрылуусунда Ооганстанда окуялар күтүлгөндөн тез өнүккөнүн айтып, америкалык аскерлерди ооган жергесинен чыгаруу тууралуу чечимди коргоду.

Байден Кошмо Штаттардын 20 жыл мурда Ооганстанга киришинин башкы максаты мамлекет куруу эмес, “Аль-Каида” террордук уюмунун жетекчилерине сокку уруу болгонун, бул миссия аткарылганын белгиледи. Ошондой эле Вашингтон ооган армиясына жоочуларды токтотуу үчүн бардык мүмкүнчүлүктү түзгөнүн, америкалыктар башка өлкөдөгү жарандык согуштун чордонунда калбай турганын кошумчалады.

“Мен өз чечимимде бекем турам. 20 жылдан кийин оор жолду, АКШ күчтөрүнүн чыгып кетиши үчүн эч качан ыңгайлуу убакыт болбой турганын түшүндүм”, - деди Байден.

Ал АКШ Ооганстанга миллиарддаган доллар салганын, ооган өкмөтүнө бардык инструменттер сунушталганын, бирок ооган саясий элитасы бириге албаганын да белгиледи. Ошондой эле Вашингтон ооган элине жардам берүүнү, адам укуктарына көңүл бурууну уланта турганын айтты.

15-августта “Талибан” кыймылы ооган баш калаасы Кабулду колго алган. Анын алдында ооган президенти Ашраф Гани өлкөдөн чыгып кеткен. Кабул аэропортунда чет өлкөгө чыгып кетүүнү каалаган оогандыктар көп болгондуктан башаламан кырдаал жаралган.

Ооганстандагы мындай чукул өзгөрүүлөр АКШда, өзгөчө республикачылардын арасында президент Байдендин дарегине айтылган сын-пикирди күчөткөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG