Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:00

Ысык-Көлдө жол кырсыгынан үч адам көз жумду


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

16-августка караган түндө Балыкчы - Ананьево - Каракол жолунун Корумду аймагында "Мазда" жана "Ауди" үлгүсүндөгү унаалар кагышып, "Аудинин" 24 жаштагы айдоочусу менен 20 жаштагы жүргүнчүсү каза болгон. Дагы төрт киши ооруканага жеткирилген.

15-августта саат 15:00 чамасында Балыкчы - Ананьево - Каракол жолунда Тору-Айгыр жана Чырпыкты айылдарынын ортосунда бараткан унаа оодарылып, 80 жаштагы карыя каза тапкан. Беш киши түрдүү жаракат менен Балыкчыдагы ооруканага жеткирилген. Арасында алты жаштагы бала бар.

Расмий маалыматка ылайык, 2020-жылы Кыргызстанда алты миңден ашуун жол кырсыгы катталып, 760 киши мерт болгон.

Быйыл алты айда 3400дөй жол кырсыгы катталып, 329 киши көз жумду.

Ички иштер министрлиги авариянын 80% айдоочулар күнөөлүү экенин билдирген. (KS/ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG