Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:21

Талибдер Кабулга киргени кабарланууда


Ооганстандагы Лагман провинциясындагы талиб жоочулары, 15-август 2021-жыл.
Ооганстандагы Лагман провинциясындагы талиб жоочулары, 15-август 2021-жыл.

"Талибан" кыймылы Ооганстандын баш калаасы Кабулга киргени кабарланууда. Кыймылдын басма сөз өкүлү Забиулла Мужахид жекшембиде жергиликтүү убакыт боюнча саат 18:30дар чамасында билдирүү таратып, талибдер шаардын коопсуздук күчтөрү таштап кеткен аймактарын өз көзөмөлүнө ала турганын маалымдады. Ал мындай чечим Кабулдагы талап-тоноочулукту алдын алуу үчүн кабыл алынганын белгиледи.

"Биздин күчтөр Кабул шаарына этияттык менен кирип жатат", - деди Забиулла Мужахид.

BBC талибдер президенттик сарайды ээлегенин жазганы менен бул маалыматты азырынча башка булактар ырастай элек.

15-августа эртең менен талибдер Кабул шаарын курчоого алган. Бирок кыймыл баш калаага күч менен эмес, сүйлөшүүлөр аркылуу тынч жол менен кире турганын билдирип, өз күчтөрүнө Кабулдун кире беришинде токтоп туруу тапшырмасын берген.

Түш оой ооган президенти Ашраф Гани өлкөдөн чыгып кеткени кабарланган. Бирок бул маалыматты президенттин администрациясы ырастай элек.

Ооганстандын мурдагы президенти Хамид Карзай Улуттук жарашуу боюнча жогорку кеңештин төрагасы Абдулла Абдулла, мурдагы талаа командири Гүлбиддин Хекматияр менен бирге координациялык кеңеш түзгөнүн, бул кеңеш бийликти өткөрүп берүү маселеси менен алектене турганын "Твиттерге" жазды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG