Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:10

Ооганстандык 84 жоокер Өзбекстандын аймагына кире качты


Желалабад шаарындагы ооганстандык коопсуздук кызматкерлери.
Желалабад шаарындагы ооганстандык коопсуздук кызматкерлери.

15-августта Өзбекстандын өкмөтү чек араны кесип өткөн 84 ооган аскери кармалганын билдирди. Маалыматка ылайык, ооган-өзбек чек арасына жакын аймакта дагы бир топ аскерлер чогулуп турушат.

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги маалымдагандай, качып келген жоокерлерге тамак-аш берилип, медициналык жардам көрсөтүлдү. Ошондой эле Термез-Хайратан чек ара өткөөлүндөгү көпүрөнүн ооган тарабында топтолуп турган башка жоокерлерге да гуманитардык жардам берилип жатат.

Учурда өзбек өкмөтү аскерлерди артка кайтаруу жана көпүрөдөгү кырдаалды жөнгө салуу үчүн Кабул өкмөтү менен сүйлөшүүдө.

14-августта "Талибан" Ооганстандын түндүгүндөгү, Өзбекстандан 100 чакырым алыстыктагы ири Мазари-Шариф шаарын ээлеген. Бул шаар талибдердин колуна өткөндөн кийин аймактагы өзбек тектүү ооган жарандарынын таасирдүү кол башчысы Абдул Рашид Дустум Өзбекстандын Термез шаарына кире качканы кабарланган. Термез шаары өзбек-ооган чек арасынан 10 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Учурда талибдер ооган баш калаасы Кабулду курчап турушат. Айрым кабарларга ылайык, ооган өкмөтү менен талибдердин өкүлдөрүнүн ортосунда бийликти тынч жол менен өткөрүп берүү боюнча сүйлөшүү башталды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG