Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:07

Түркия: суу ташкындын курмандыктары 44 адамга жетти


Түркиянын түндүгүндөгү Кастамону провинциясында селден жабыркаган Бозкурт шаары. 12-август.
Түркиянын түндүгүндөгү Кастамону провинциясында селден жабыркаган Бозкурт шаары. 12-август.

Түркиянын түндүгүндөгү селден каза болгондор 14-августка карата 44 адамга жетти. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирди.

Куткаруучулар бузулган үйлөрдү жана толугу менен талкаланган имараттардын урандыларын текшерүүнү улантууда.

Өлкөнүн түндүгүндө Кара деңиздин жээгине жакын жайгашкан провинциялардагы сел өткөн аптада нөшөрлөп жааган жамгырдан кийин башталган. астамону провинциясындагы Бозкурт шаары эң көп жабыр тартты. Бул провинцияда жалпысынан 36 адам каза болду. Калган жети киши Синоп шаарынын, бири Бартындын тургуну.

Суу каптаган аймактардан эки миңден ашуун адам эвакуацияланды.

Ушул аптанын башында түрк бийлиги өлкөнүн түштүгүндөгү өрт толук өчүрүлгөнүн билдирген. Бир аптадан ашуун токой-талааларды каптаган тилсиз жоо тогуз кишинин өмүрүн алып, дыйканчылык аймактарга катуу зыян келтирди. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG