Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:38

COVID-19: жети бейтап каза болду, вирус 332 кишиден аныкталды


Бишкектеги эмдөө учуру.
Бишкектеги эмдөө учуру.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 15-августтагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул инфекциядан жети адам каза болду.

Жалпысынан өлкөдө коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2446 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 332 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (150) жана Чүй облусунда (31).

Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 172 090 адамга жетти.

Кечээ, 14-августта бир күн ичинде вирус 520 адамдан табылган. Бишкек шаарында (299) жана Чүй облусунда (88).

Бир күндө 676 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 2125 адам жатат, дагы 3328 бейтап үйдөн дарыланууда.

Кыргызстанда жалпы вакцина алгандардын саны 846 миңден ашты. Алардын 260 миңден көбү эки дозаны тең сайдырышты. Бул - 15-август саат 10:30гө карата маалымат.

Республикада 2020-жылдын март айында башталган коронавирус эпидемиясы июль айында курчуп, көп киши каза болгон. Сентябрдын башында каза болгондор катталбай калган. Оорунун экинчи толкуну октябрда башталып, быйыл жазында вирусту жугузуп алгандардын саны кыйла азайган жана күнүнө 30га жетпеген бейтап катталып жаткан.

Адистер расмий статистика чыныгы абалды чагылдырбай жатканын, ооругандар да, каза болгондор да андан көбүрөөк экенин айтып келишет.

15-июнда Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги өлкөдө коронавирус эпидемиясынын үчүнчү толкуну жүрүп жатканын расмий билдирген. Июндун башында бир күндө коронавирус менен 2 миңге чукул бейтап катталып жаткан. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG