Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:17

Воронеждеги кырсыктан эки киши каза болду


Воронежде жүргүнчү ташыган автобус жарылып, эки киши каза болду. Кеминде 19 киши жаракат алды. Жүргүнчү ташыган автобус 12-август күнү кечинде жарылган. Кырсыктан бир кишинин буту жулунуп кетип, ал жеринде каза болгону кабарланды. Автобуста жалпысынан отуздай жүргүнчү болгон.

Алдын ала териштирүүнүн жыйынтыгы боюнча автобустун газ жабдуусу жарылган. Транспорттун үстүндөгү газ баллондордун бири бузук болгондуктан андан чыккан газ жарылууга себеп болгону айтылууда.

Бирок жүргүнчү ташыган компаниянын өкүлү кырсыктаган автобус дизел менен жүргөнүн айтып, газдан жарылуусу мүмкүн эместигин белгиледи. Компаниянын өкүлү автобус аялдамага токтогон маалда жарылганын кошумчалады.

Тергөө комитети кылмыш иши козголуп, иликтөө башталганын жарыялады.

Тергөө жарылуунун негизги себеби катары автобустун техникалык бузулушун эске алып, жарылуу анын май куйган жагынан чыкканы иликтенип жатканын кабарлады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG