Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:55

Акимдерге жолтандабас сатып алынбай калды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаров райондук администрация башчыларына (акимдерге) 60 миллион сомго унаа сатып алуу үчүн жарыяланган тендерди жокко чыгарууну тапшырды. Бул тууралуу 13-августта мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

"Бул чечим өлкөнүн экономикалык оор абалын, ошондой эле аталган маселе боюнча коомчулуктун пикирин эске алуу менен жана бюджеттин өтө зарыл болбогон чыгымдарын азайтуу үчүн кабыл алынды", - деди Эрбол Султанбаев.

Президенттин иш башкармалыгынын 60 миллион сомго 40 машине сатып алууга жарыялаган тендери коомчулуктун сынына кабылган.

Мамлекеттик сатып алуулар порталында президенттин иш башкармалыгынын алдындагы "Автотранспорт" бирикмеси 60 миллион сомго жарыялаган тендердин талабына ылайык, 40 жол тандабас автоунаа алынышы керек эле . Техникалык талапка жараша машинелер заводдон 2021-жылы чыгарылып, айдалбаган жана ак түстө болушу зарыл болчу.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG