Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:30

Талибан Герат жана Кандагар шаарларын алганын билдирди


Кандагар. Ооганстандагы экинчи ири шаар. 10-август, 2021-жыл.
Кандагар. Ооганстандагы экинчи ири шаар. 10-август, 2021-жыл.

Талибан кыймылы эки күндөн берки өкмөттүн аскерлер менен айыгышкан салгылаштын жыйынтыгында 12-августта кечке жуук Ооганстандагы экинчи жана үчүнчү ири шаарлар Герат менен Кандагарды өз көзөмөлүнө өткөрүп алганын жарыялады.

Бирок бул маалыматты расмий Кабул азырынча ырастай элек.

Өлкөнүн түштүгүндөгү эң чоң шаар Кандагарды басып алуу Талибан үчүн стратегиялык жеңиш катары каралып жаткан.

Талибан кыймылынын өкүлү Забиулла Мужахид "Твиттерге" Кандагарды талибдердин жоочулары ээлегенин билдирип, видео жарыялады.

Буга чейин Кабулга жакын Газни шаары Талибан жоочуларынын көзөмөлүнө өткөнү кабарланган. Муну менен соңку бир апта ичинде талибдер онунчу провинциянын борборун ээлегени айтылган, эгерде Кандагар алынганы ырасталса, анда бир жуманын ичинде Талибан Ооганстандын провинция борборлору болгон 34 эң ири шаардын он бирин багынткан болот.

Айыгышкан салгылаштар Кандагарда дагы уланып, шаардын аба майданы аба каттамдарын кабыл албай, кыймыл токтотулганы жарыяланган болчу. Бирок 12-августта түшкө чейин Кандагарда салгылаш уланып, шаар өкмөттүк күтөрдүн карамагында болчу.

Американын чалгын кызматынын атын атабаган өкүлү «Рейтер» агенттигине билдиргендей, талибдер ооган баш калаасын жакынкы 30 күндүн ичинде курчоого алып, үч айдын ичинде өз карамагына алышы мүмкүн. Ошону менен катар аткаминер ооган өкмөттүк күчтөрү жетиштүү каршылык көрсөтө алса, кырдаал башка нукта өзгөрүшү ыктымал экенин да четке каккан эмес.

Талибдердин тездик менен кол салуусу расмий Кабулду жана анын өнөктөштөрүн айран таң калтырууда.

1996-2001-жылдары Ооганстандын көп бөлүгүн көзөмөлдөп турган топ «Аль-Каида» террордук тобунун башчысы Усама бен Ладенди жашырганы үчүн кулатылган. Эми бул кыймыл кайра бийликти өз колуна алууну көздөп жатат.

Бириккен Улуттар Уюму соңку бир айда гана жоочулар менен өкмөттүк күчтөрдүн кагылышуусунан бери дегенде миңдей жайкын тургун мерт кеткенин билдирди. АКШнын президенти Жо Байден Ооганстандан аскерлерин чыгарып кетүү боюнча чечимине өкүнбөй турганын билдирип, расмий Кабулду өз өлкөсү үчүн күрөшүүгө чакырды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG