Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:33

Коронавирус жуктурган медицина кызматкеринин кенемтеси көбөйдү


Бишкектеги лабораториялардын бириндеги медицина кызматкери. Май, 2021-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкектеги лабораториялардын бириндеги медицина кызматкери. Май, 2021-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Иш учурунда коронавирус жуктуруп алган медицина кызматкерлерине жана илдеттен көз жумган дарыгерлердин үй-бүлөсүнө төлөнө турчу кенемтенин суммасы эми анын маянасына жараша эсептелет. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин юристи Азамат Жумакеев 12-августта журналисттерге билдирди.

"Иш ордунан вирус жуктуруп алган медицина кызматкерлерине айлык акысынын 15 эселик өлчөмү бир жолку кенемте катары төлөнүп берилет. Ал эми вирустан каза болгон медицина кызматкерлеринин үй-бүлөсүнө орточо айлык акысынын 20 эселик өлчөмүндө төлөнүп берилет. Учурда медицина кызматкерлеринин айлык акысы 10 миң сом экенин эске алсак, оору жуктуруп алгандарга 150 миң сом, ал эми вирустан көз жумгандардын үй-бүлөсүнө 4 млн. сомдун айланасында кенемте төлөнүп берилет", - деди Азамат Жумакеев.

Коронавирус пандемиясы башталган кезде кыргыз өкмөтү иш учурунда коронавирус жуктурган медицина кызматкерлерине 200 миң сом, илдеттен көз жумган медицина кызматкеринин үй-бүлөсүнө 1 млн. сом кенемте төлөөнү токтом кылган. 2021-жылдын башында кенемте төлөөнүн жаңы тартиби кабыл алынып, оору жуктурган медицина кызматкерине 75 миң сом, ал эми илдеттен көз жумган медицина кызматкеринин үй-бүлөсүнө 2,8 млн сом кенемте төлөнөрү кабарланган.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына караганда, 12-августка чейин 6639 медицина кызматкери COVID-19 илдетин жуктурган. Булардын ичинен 1581 кызматкерге 200 миң сомдон, ал эми илдеттен көз жумган 33 кызматкердин үй-бүлөсүнө 1 млн сомдон кенемте төлөнгөн. Жыл башында бекитилген тартип боюнча кенемте төлөнө элек. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG