Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:17

Театрдагы чыр: Балет артисттери маселеси чечилбей жатканын айтышты


Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын имараты. Бишкек. 2017-жыл.
Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын имараты. Бишкек. 2017-жыл.

Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрындагы укук бузуулар тууралуу айтып чыккан балет артисттери маселеси дагы эле чечиле электигин билдиришти. 11-августта аларды акыйкатчы Токон Мамытов кабыл алганын, жолугушууда бир да мекемеден колдоо таба албай жатышканы айтылганын омбудсмендин басма сөз кызматы кабарлады.

Артисттер Свердлов райондук прокуратурасы гана театрдын администрациясынын мыйзам бузууларын тааныганын, бирок аталган мекеме жөнөткөн катты Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги "тоготпой, жетекчиси билмексенге салып жатканын" айтышты.

Акыйкатчы Мамытов бул иш анын көзөмөлүндө экенин билдирди.

«Азаттык» радиосу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен териштирүүнүн жыйынтыгы тууралуу маалымат сурады, азырынча жооп ала элек. Театрдагы окуя боюнча териштирүү аяктаганын, атайын түзүлгөн комиссия ишин жыйынтыктаганын, корутундусу даяр болгондо жалпыга жарыяланарын министрлик 25-мартта билдирген.

Быйыл 6-мартта театрда “Ак куу көлү” спектаклин коёр алдында театрда чыр чыккан. Спектакль башталар алдында артисттер сахнага чыкпай коюшкан. Иш-чараны уюштурган “Радужка” фонду окуяга кыргызстандык труппанын өкүлдөрү Орусиядан келген артисттер менен иштешкиси келбегени себеп болду деп түшүндүргөн. Ошондой эле гонорар маселеси да келип чыкканы айтылган. Кыргызстандык артисттер билети кымбат коммерциялык спектаклге бекер иштеп келатканына нааразылыгын билдиришкен. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG