Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:21

ӨКМ: Аба дээрлик он градус салкындап, тоолорго кар жаайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

13-августтан тартып Кыргызстандын аймагында аба кескин салкындап, көпчүлүк аймактарда жаан, тоолордо кар жаайт. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги буга байланыштуу шашылыш билдирүү таратып, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаай турганын, батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетерин эскертти.

14-августта абанын температурасы кескин төмөндөп, 17-августка чейин бүгүнкүгө караганда дээрлик 10 градус салкындайт.

ӨКМ мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин, жайлоодо мал кармоону кыйындатарын эскертти. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG