Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:04

Чек ара: оорукананын терезесине тийген ок боюнча маалымат берилди


Аймактык оорукананын терезесине ок тийип, талкаланды.
Аймактык оорукананын терезесине ок тийип, талкаланды.

Лейлек районунун Тажикстан менен чектеш Интернационал айылында бүгүн, саат 15:10 чамасында тажик тараптан ок атылган. Ок аймактык оорукананын терезесин талкалаган. Жабыркагандар жок.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Чек ара кызматы кабарлагандай, ок АК-47 автоматынан атылганы аныкталды.

Ушул тапта бул окуя боюнча тиешелүү органдар иликтөө жүргүзүүдө.

Оорукананын терезесине тийген ок.
Оорукананын терезесине тийген ок.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү телефон аркылуу сүйлөшкөн кезде тажик тарап Интернационал айылына чектеш жайгашкан бөлүктөрүндө аскерлердин куралын текшерүү болуп жатканын маалымдаган.

Саат 17:00де Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара кызматтарынын өкүлдөрү жолугушту. Анда тажик тарап курал текшерүү учурунда андан ок атылбаганын билдирген. Ошол эле учурда тажикстандык өкүл ок кокусунан атылып кетиши ыктымалдыгын белгиледи.

Тараптар бул окуя боюнча өз-өзүнчө иликтөө жүргүзүүнү макулдашты.

Учурда кыргыз-тажик чек арасында кырдаал туруктуу.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 970 чакырымдай болсо, анын 519 чакырымы гана такталган. Чек араларды тактоодо эки тараптын негизги талашы кайсы карта менен, кайсы юридикалык документке негизделип иштөө керектиги боюнча орток пикирге келе албай, көп жолугушууларда иш жылбай жатканы айтылып келген.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында куралдуу кагылышуулар болуп турат. Акыркы жолу быйыл 28-апрелден 1-майга чейин уланган куралдуу жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 киши курман болгон, анын экөө жаш бала. 180ден ашуун киши жаракат алган. Тажик тараптан 19 киши өлүп, 87 киши жарадар болгону расмий кабарланган. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG