Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:44

Кыйноолорго каршы сүрөт сынагынын жыйынтыгы чыкты


Сүрөттүн автору Мария Макарова.
Сүрөттүн автору Мария Макарова.

Кыргызстанда кыйноолор темасына арналган мыкты плакат жана сүрөт тарткан сүрөтчүлөр менен дизайнерлердин арасында жарыяланган чыгармачыл сынактын жыйынтыгы чыкты.

Сынакты “Кыйноолорго каршы коалиция” уюму уюштуруп, жыйынтыгында үч автор жеңүүчү деп табылганы, дагы жетөөнө атайын номинациялар тапшырылганы 11-августта маалымдалды.

Сынак 1-июнда башталып, 30-июлда жыйынтыкталды. Биринчи орунга Анна Гапликова, экинчиге Каныбек Кунакунов жана үчүнчү орунга Мария Макарова татыды.

Жеңүүчүлөрдүн эмгектери Бишкектеги Эмен паркында коалиция уюштурган көргөзмөгө коюлду.

2011-жылы негизделген «Кыйноолорго карыш коалиция» уюмунун курамында 13 укук коргоо уюму бар. Жалпысынан коалицияга 322 арыз түшкөн, анын 240 арызы боюнча териштирүү башталган, 15 кылмыш иши козголгон.

Укук коргоочулардын айтымында, Кыргызстанда кыйноо фактылары негизинен кылмышка шектүү адам жаңы кармалганда, милиция бөлүмүндө катталат. Ички иштер министрлиги мындай окуялар жок эмес экенин, кызматкерлер арасында түшүндүрүү иштери жүрүп турарын билдирип келет. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG