Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:31

АКШнын чабарманы талибдер менен Катарда сүйлөшөт


Кундуз провинциясындагы талибдер. 9-август, 2021-жыл. Ооганстан.
Кундуз провинциясындагы талибдер. 9-август, 2021-жыл. Ооганстан.

АКШнын Ооганстан боюнча атайын чабарманы Залмай Халилзад 10-августта Катарга «Талибан» кыймылы менен сүйлөшүүгө барат. Ал талибдерди Ооганстандагы чабуулдарын токтотууга чакыра турганы кабарланды. Соңку бир нече күндөн бери жоочулар Ооганстанда алты провинциянын борборун өз карамагына алууга жетишти.

АКШнын Мамлекеттик департаменти кабарлагандай, Халилзад «талибдер аскердик чабуулдарын токтотуп, сүйлөшүүгө келиши» үчүн жоочуларга басым көрсөтөт.

Талибдер АКШ башында турган эл аралык коалициянын күчтөрү өз аскерлерин расмий чыгара баштаган 1-майдан тартып чабуулдарын күчөткөн. Ушул айдын соңуна чейин коалициянын күчтөрү толугу менен чыгарылары күтүлүп жатат. АКШ аскерлери Ооганстандагы коопсуздукту сактоо «туура эмес багытта баратканын» эскертишип, Кабулдагы өкмөттү коргонуу үчүн кескин чараларды көрүүгө чакырышты.

9-августта Пентагондун расмий өкүлү Жон Кирби бул боюнча олуттуу тынчсыздануусун билдирип, ошол эле маалда ооган күчтөрү өлкөнү куралдуу кыймылдан коргой аларына басым жасады. Талибдер Саманган провинциясынын борбору Айбак шаарын басып алышты. Ушул тапта өкмөттүк күчтөр менен жоочулардын ортосунда айыгышкан салгылашуулар Балх, Тахар жана Кундуз провинцияларында жүрүп жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG