Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:38

ТИМ: Кыргыз-украин комиссиясынын кезектеги жыйыны быйыл өтөт


ТИМдин имараты.
ТИМдин имараты.

Кыргызстан менен Украинанын экономикалык кызматташтык боюнча комиссиясынын кезектеги жыйынын быйыл өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу 10-августта Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, комиссиянын жыйынын утурлай эки өлкөнүн башкы дипломаттарынын орун басарларынын быйылкы жылдагы алгачкы отуруму өтөрү министр Руслан Казакбаевдин Украинанын Кыргызстандагы элчиси Валерий Жовтенко менен жолугушуусунда айтылды. Анда ошондой эле соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана инвестициялык кызматташтыкты арттыруу маселелери талкууланды.

Украинадан Кыргызстанга негизинен азык-түлүк эскпорттолот. Кыргызстан да, Украина да мурда СССРдин мүчөсү болгон. Эки өлкөнүн башынан бир нече “түстүү ыңкылап" өткөн. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG