Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:24

Орустарды тамашалаган куудул он күнгө камалды


Москва. Идрак Мирзализаде. Орусиялык куудул.
Москва. Идрак Мирзализаде. Орусиялык куудул.

Москванын Таган райондук соту жаш куудул Идрак Мирзализадени улут аралык кастыкты козутуу беренеси боюнча айыптап, 10 күндүк административдик жаза чегерди. Бул тууралуу анын адвокаты Сергей Бадамшин билдирди.

Иш козгоого анын 2021-жылы март айында «Кууп таркатуу» деген маанайшат программасында славян эместер кездешкен ксенофобиялык көрүнүштөрдү шакаба чегип, күлдүргөн юмору негиз болгон.

Прокуратура дайындаган экспертизанын тыянагы боюнча Идрак Мирзализаденин шакабасында кайсы бир адамдардын тобун улуттук өзгөчөлүгү боюнча кемсинтүү белгилери болгон.

Соттук териштирүүдө Мирзализаде айыбын моюнга алган жок. Ал тескерисинче, анын шакабада славян эместерге карата ксенофобиянын терс көрүнүштөрү ашкере болгонун айтты.

Тамашаны ксенофобияны жактабаган адамдар дагы өздөрүнө карата кабыл алган болсо, алардан кечирим сурай турганын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG